www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

Чыдамкайлык менен ийгиликтин ачкычы бир-бирине дал келет. Дал ушул экөө өз кесибинин устатуу үчүн негизги курал. Чыныгы нейрохирург бычак менен мээни чырпып өткөнүн даана сезгендей, искусствонун чебери дагы кыялындагы тасмасын көз алдынан чууруп өтөт. Бүгүнкү каарманым мыкты актёр, профессионал кино режиссёр, кеменгер педагог, Артык агабыз болду.

- Кино менен театр режиссёрлордун айырмасы бардай. Мени кызыктырганы кино режиссёр сахналаштырган спектаклдери болду беле?

- Сахналаштырган спектаклдер киного бир топ элетартылган. Мисалы Н. Михалков «Двенадцать стульев» деген спектаклди кийин киного да тартты. Аталышы да ошондой. Г. Базаров театрга коюлган Мурза Гапаровдун «Туздуу чөл» пьесасын жакында эле «Туздуу талаа» аталышта экранизация жасаган.

- Кесиптештердин көбү алгач сценарийди жактырып, ошого жараша фактураизешет экен. Кээ бирлери биринчи каарманды таап ага жараша сценарий жазылат дешет. Сизде кандай?

- Эң негизгиси сцерий-тасманын пайдубалы.

- Залкар ой-акыл эстен, улуусезим-жүрөктөн жаралабы?

- Экөө бир убакта жаралса уникалдуу болот.

- Атагым чыкканын каалабайм, бирок ал баламдын бешигине, атамдын көрүнө жарык берип турса болду деп бир ойчулдун айтканы бар. Азыр тез эле атактуу болууну максат кылгандар бар?

- Атактуу болууну самаган чыгармачыл инсандын келечеги жок.

- Улуу режиссёрлордун тасмаларында ортозар каармандар болбойт. Кайсынысы болбосун баш каармандай сезиле берет дегендерге кандай карайсыз?

- Кээ бир тасмаларда баш каарманга караганда эпизоддогу роль күчтүү болуп калат. Эпизод болсо дагы ошону көркүн чыгарган бул актёрдун профессионал кесипкөйлүгү. Себеби көрүүчү аны ээрчип алып жатпайбы. Жакшы сөз бар го «Кичинекей роль болбойт, начар актёрлор болот».

- Мыкты актёр режиссёр боло алат ал эми мыкты режиссёр актёр боло алабы?

- Албетте иш билги режиссёр мыкты актёр боло алат. Орсон Уэллс «Гражданин Кейн», Сергей Бондарчук «Война и Мир», «Судьба человека» аталгандар дүйнө классиги. Мындай мисалдар айта берсе көп.  Орто-Азияда анын ичинде кыргыз кинолорунда дагы мындай көрүнүштөрбар.

- «Шамбала» тасмасынын ийгиликтери турасында айта кетсеңиз?

- «Шамбала» тасмасынын ийгилиги-бул жалпы команданын жетишкендиги.

а) «Шанхай» кино фестивалында «Панарама» секциясына катышты. Бул секциянын өзгөчөлүгү приз берилбейт экен. Тек гана сынчылардын арасында тасмаар талкууланат экен.

б) «Киношок» кино фестивалында эки призге ээ болду. «Эң мыкты роль» номинациясын Шамбаланын ролундагы Артур Аманалиев. «Эң мыкты музыка» номинациясын композитор Мырзали Жээнбаев багындырды.

в) «Московская премьера» кино фестивалында дагы эки призге ээ болду. «Эң мыкты роль» номинациясын Шамбаланын ролундагы Артур Аманалиев. «Эң мыкты эркектин ролу» номинациясын Момун чалдын ролунда КР эмгек сиңирген артисти, актёр Насрет Дубашев жеңип алды.

г) «Калькутта» кино фестивалында «Эң мыкты чет элдик тасма» номинациясына татыды.

- Кыялыңыздагы каарман же тартам деп эңсеп жүргөн жанр?

- Кыялда аткарчу ролдор бар. Ал эми жанр болсо кийинчерээк сценарийге жараша белгилүү болот. Иш жүзүнө ашырчу максатты көздөй жолдобуз, Кудай буюрса.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости