www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки орусиялык консулдуктун дипломаттарына Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө даярдык көрүүгө буйрук берилди. Бул тууралуу The New York Times гезити Украинанын Коопсуздук кызматындагы өз булагына шилтеме кылып билдирди.

Басылманын өз булагы 18 киши, негизинен орусиялык дипломаттардын балдары жана аялдары Украинадан 5-январда эле чыгып кеткенин ырастаган. Орусиянын Киевдеги элчилигиндеги жана Львовдогу консулдуктагыдагы 30 киши кийинки күндөрү өлкөдөн чыгып кеткен.

АКШнын атайын өкүлү Вашингтон эвакуацияга даярдык көрүлүп жатканын билгенин кабарлады.

"Орус өкмөтү Украина элчилигиндеги дипломаттардын үй-бүлө мүчөлөрүн декабрдын аягында жана январдын башында эвакуациялоого даярдык көргөнү жөнүндө маалыматыбыз бар", — деп айтылат билдирүүдө.

The New York Times украин жана америка аткаминерлерине шилтеме берүү менен элчиликте иштегендердин санын кыскартуу бир жагынан алганда пропаганда, бир жагынан алганда жакындап келе жаткан жаңжалга даярдык көрүү же айла-амал болушу мүмкүн экенин жазды.

Макалада Вашингтон Орусиянын президенти Владимир Путин кол салуу жөнүндө чечимди али кабыл ала элек деп эсептей турганы белгиленген.

"Интерфакс" Орусия ТИМине шилтеме берүү менен Орусиянын Киевдеги элчилиги штаттык режимде иштеп жатканын маалымдады.

Былтыр күздөн бери ЖМКларда орус аскерлери Украина чек арасына жакын жерде орун ала баштаганы жөнүндө маалыматтар тарап жатат. АКШ жана Батыш өлкөлөрү Москва аскердик кол салууга камынып жатканын божомолдошууда. Кремль бул билдирүүлөрдү четке кагып, АКШ жана НАТОдон коопсуздук кепилдигин, анын ичинде НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишин токтотууну талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости