www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эч кайда кеткен жокмун. Учурда Казакстандын борборунда ардактуу эс алуудамын. Бул тууралуу Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев видео кайрылуусунда билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
"Менин дарегиме карата айтылган бир нече кайрылуулардан жана ЖМКларга жарыяланган маалыматтардан улам 2019-жылы президенттин ыйгарым укугун Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенимди жана ошол убакыттан бери пенсионер экенимди айтып коеюн. Азыр Казакстандын борборунда ардактуу эс алуудамын. Эч кайда кеткен жокмун", — деген Назарбаев.
Ал бийлик толугу менен Касым-Жомарт Токаевдин колунда экенин белгилеген.
"Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент Nur Otan партиясынын төрагасы болуп тандалат. Ошол себептен элитада эч кандай тиреш, чыр-чатак болбогонун айтып өтөйүн. Бул теманын айланасындагы ушактар негизсиз", — деген Елбасы.
Булак: NazarNews.kg