www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын менен дидарлашуу

- Касиети бул төрт эне- тагдырыңдын тынчтыгы,

Төрт эне үчүн болгон күрөш- күрөштөрдүн улуусу деген саптарда казак философия катылгандай сезилет. "4 эне" ыры кандайча жаралып калды эле?

- Негизи, бул “Төрт эне” деген ырым менин жан дүйнөмдөгү барлыгымды, жашоомду, өткөнүмдү, учурумду, келечегимди кармап турган тамырдан кеп салгансыйт. Себеби мен өз улутумдун бир тамчысымын. Деңиздин бир тамчысы деңиздин бир бөлүгү сыяктуу. Мен да казактын бир бөлүкчөсүмүн. Бул ырдагы тууган эл, ата журт, эне тил, улутту улут кылап кармап турган каада-салт, үрп-адаты, ишеними ар бир улут үчүн касиеттүү. Эгер аны жоготсок, тарыхыбызды, элдигибизди, өздүгүбүздү жоготкон болобуз.  Ушул нерселер ар дайым акыл-эсимде болуп, улутумдун келечеги жан дүйнөмдү дүрбөлөңгө салгандан улам жаралып калды болуш керек. 

- Айтматов сиз үчүн...

- Айтматов мен үчүн жүрөк кагыштын соңку соккусуна дейре, сыймык тутуп келген дос агам. Айтматовдун жаратмандык бийиктиги, адабияттагы даанышмандыгы, кеменгер калемгерлиги жагынан бүтүндөй түрк дүйнөсүндө жаркыраган чолпон жылдыз. Көзү өтүп кетсе дагы, улуу жазучуга болгон сый-урмат, кадыр-барк күчүндө. Жазуучунун ойчулдугу эмнеде?! Бир гана кыргыз элине эмес, бүтүндөй адамзатына болгон чакырыгы  “Адамга эң кыйыны, күнүгө адам болуу” эмеспи. Биз, адамзаты, азыр материалдык байлыкты биринчи орунга коюп, ал эми ошол руханий жактан жарды, бөксөөбүз толбой келе жатат. Руханий байлыкты элибизге чакырык жасап, кайра жандандырышыбыз керек. Мени ушул маселе, ушул көйгөй жүрөгүмдү өйүткөнү өйүткөн. Биз, Чыңгыз экөөбүз, эгиз козудай элек. Бири-бирибизди көрбөсөк куса болуп кетчүбүз. Албетте, талашып-тартышар элек. Бирок пикирлерибиз көбүнчө бир ноктодон кесилишчү. Адамзат маселелери, айрыкча, казак, кыргыздын өткөнү, учуру, келечеги жөнүндө маектешип сырдашканда убакыт жетпей калар эле бизге. Ал кеткенден бери өзүмдү ээн чөлдө жалгыз калгандай сезем. Жалгызсырап жүрөм... “Аскада калган аңчынын ыйы” ошондой учурда жаралган чыгарма. 

- Казак тилине күйүп-бышып келгениңизге тарых далил. Андыктан сиздин каныңызда казак тили, дили, философиясы кошо кайнап турат.  Ушул улуттук баалуулуктар туурасында көп ойлоносуз...

- Албетте, мени бул маселе абдан ойлонтот... Ой жүгүртүүнү жана өз тилиңизде сүйлөөнү токтоткондон баштап, бүтүндөй тээ ата-бабалардан келе жаткан  кылымдын жарыгын өчүрөсүз, бара-бара жоготуп алуу коркунучу бар. Эгер убагында каталарыңызды оңдобосоңуз, жашоо маанисиз, кунарсыз. Ата-бабаларыбыздын муундан-муунга өткөрүп келген баалуулукту, каада-салтты унуткарып бараткандайбыз, мекенсиздиктин мейкиндигине айландык. Эне тилибизге сый-урмат көрсөтпөй, эне тилибизде сүйлөбөй ал тилде сүйлөөнү уят, намыс көргөн бир «маңкуртка” айландыкпы?!  Бул руханий кемчилик жана улуттук чыккынчылык... Мындай көрүнүш казак да, кыргызда да далай кездешет... Чыкем экөөбүз ““Аскада калган аңчынын ыйын” ошол үчүн жазганбыз. Бул жөнүндө көп нерсе айтпайын. Болгону биздин муундагы ушул кемчиликти урпактар кайталабасын. Анткени мындай кемчиликти эч бир шылтоо актабайт. Мен казак, мен кыргыз дегендин баары эне тилибизди сактасын, өнүктүрсүн, өстүрсүн. Гамзатов айткандай, тил өлсө эл өлөт...

- Гамзатов деп калдыңыз, айткандай сиздин “Мурун жөнүндө азил” же Расул Гамзатов менен таанышууңуз кандайча болду эле?

- Эми улуу акынды жакындан таануу, жолукканым өзүнчө кызык. Мени Расул Гамзатов менен Башкырт акыны Мустай Карим тааныштырган. 3 жылдан кийин аны кайрадан космонавт В.И.Севастьянов тааныштырган. Анан мага акын Гамзатов: “Иним, мен сенин чыгармаңды окуган жокмун, бирок сенин мурдуң менин эсимде калды. Жараткандан берилген табигый нерсе бул өзгөчөлүк, искусстводо дагы чаташтырбай, мурдуңуз ушул бойдон калса экен деп тилейм " дегени дале да эсимде. Гамзатовдун бул сөзүнөн соң, көпкө ойлондум... Кеп мурунда ... Жылдар өтүп, горизонт кеңейе баштады. Арада жеңилүү да,  жеңиштер да болгон. Менин ырларым башкаларга окшош эмес, ошондуктан эл мени мурдуман тааныганына мен бактылуумун.

- Түшүнгөн адамга поэзия дүйнөсү-бул сыйкыр аалам экен...

- Поэзия-эч ким айтпаган ой-пикирдин көрүнүшү. ЮНЕСКО дүйнөлүк поэзиянын заманбап чокулары деп менин ырларымды тааныган. Менин романдарымдан "Жаңылыштык цивилизациясы”, “Чыңгызхандын пенделик купуясы” мына ушулар туурасында ЮНЕСКОдо чоң дискуссия жүргөн. Дүйнө жүзүнүн 60тан ашык өлкөлөрүнөн 120га жакын сыйлык алдым. 2002 - жылы мен  Эйнштейн алтын медалы менен сыйлангам. Муктар Шахановдун аты БУУнун Алтын китебине киргизилди. Жыйырма өлкөнүн, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Италия, Германия жана Япония Ардактуу атуулу болдум. Бирок   атак-даңкка  кызыкдар эмесмин, жөн ганам ага  титул бергенин жашыра албайм.

- Ала-Тоодо бала ыйласа, казак талаасында эненин эмчеги зыркырайт деген казактардын учкул сөзү бар экен.  Кыргыз-казак бир туугандык жакындыгы сиздин көөдөнүңүздө...

- Билесиз, бул жөнүндө ырларымда, сөздөрүмдө көп эле айтып келем. Менимче, муну ар бир казак, ар бир кыргыз билет. Билиши керек. Биздин тарыхыбыз, тагдырыбыз, дилибиз, динибиз, тилибиз бир. Бир эненин эгиз балдарындай. Аны эч бир күч бөлүп кароого мүмкүн эмес. Келечеги да ошондой болуш керек. Менин ийги тилегим до ошол.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости