www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда 2000-жылы эле "Казакстандын туңгуч президенти жөнүндө" конституциялык мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Нурсултан Назарбаев менен анын үй-бүлөсүнүн кол тийбестиги бар. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Мыйзамга ылайык, Елбасы президент болуп турган кезде жасаган аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Аны ошондой эле камакка алууга, үйүн тинтүүгө, кармоого тыюу салынган.
"Елбасынын жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке мүлкүнүн дагы кол тийбестиги бар. Буга байланыштуу мүлккө карата кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө болбойт", — деп айтылат маалыматта.
Туңгуч президент менен анын үй-бүлөсүнө банктык сыр кепилденип, эсептерине кол тийбестик берилген.
Туңгуч президентти өмүрү өткүчө мамлекеттик күзөт кайтарат. Ошондой эле аны менен чогуу жашаган же аны караган үй-бүлө мүчөсү дагы (иштен кеткенден кийин) бул кызматтан колдонот.
Президенттик ыйгарым укуктарын токтоткон Елбасы Казакстандын президентинин негизги айлыгынын 80 пайыз өлчөмүндөгү суммасын пенсия катары алат. Иштеп жаткан президенттин айлыгы өскөн сайын Елбасынын пенсиясы дагы көбөйөт. Ошондой эле анын жашоосу менен ден-соолугу мамлекеттик бюджет тарабынан камсыздандырылат.
Көлөмү Казакстандын президентинин бир жылдык негизги айлыгынын суммасына барабар. Елбасы менен анын үй-бүлө мүчөлөрү бекер дарыланат. Чыгымдардын бардыгы республикалык бюджеттен жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан төлөнөт.
Булак: NazarNews.kg