www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино - кыйноо

Тасма дагы билинбегени менен чыныгы жашоонун бир бөлүкчөсү. Ал күзгү сымал өзүңдү чагылдырып көрсөтөрү чындык. Ошол күзгү кечээки катаны эстетип, эртеңкиңе дарс болот.

-  Ынанымдуу чечимди машыктыруу ички туюмдан көз каранды деп Ингрид Бергмандын айтканы бар. Ички туюмуң менен кадам таштайсыңбы?

- Ооба, мен ички туюмумду сөзсүз угам. Кээде аның деле калп айтып, акылың башкарып алган учурлар болот. Кээде тескерисинче. Кыргызда "бутум тартпай жатат" деген сөз бар го, бут тартпаган жакка жолго чыкпайм.

- Өзүңдүн ички туюмуңа ишен, таңылма көз сокур акылдан даана көрөт го өзү...

-  Балким.

- Аялзатынын эки куралы бар: кирпик боёгуч менен көз жашы, бирок экөөнү   бирдей колдоно албаганы өкүнүчтүү дептир Мэрилин Монро. Жашоодо көз жашты курал катары колдонгон учурларың болгонбу?

- Мен жашоодо жашык эмесмин, оңой менен көздөн жаш чыкпайт. Жаш чыкса дагы, эч кимге көргөзбөй ыйлап алам. Көз жашты курал катары колдонмок мында турсун, бирөө мага боор ооруп карашын каалабайм. Ал эми курал катары колдонгон айымдарды бактылуу айымдар деп билем.

- Элизабет Тейлор көралбастар кекиртикке тыгылган сөөктөй деп таамай сүрөттөп койгон экен...

- Тейлордун оюна кошулам, мына ошол көралбастар кекиртекке тыгылган сөөктөй болуп, сенин  ийгиликти багынтууңа өздөрү эле кайра ого бетер жардам беришет. Көралбастыкты башка улуттардан көрбөйсүң, бирок айрыкча бизде кенен жайылган оору.

- Сулуулуктун эталону Моника Беллуччи “Менде “жылдыз” деген түшүнүк такыр болгон да эмес, негизи чыныгы актрисанын өз ысымы болсо ошол жетиштүү” дептир. Сенин көз  карашыңды уксак...

- Моника Беллуччинин талантын баалайм, сулуулуктун эталону болсо дагы, жөнөкөйлүгүн жана  өзүнүн кесибин сүйгөндүгүн канчалык деңгээлде улуу кесип экенин түшүнгөн  актриса катары мыкты жооп бериптир. Биздин жылдыздар Моникадан үлгү алышса болот экен.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости