www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Калий организмден ашыкча суюктукту бөлүп чыгарат жана тезирээк арыктоого жардам берет. Бул тууралуу диетолог Елена Календин айтымына таянып РИА Новости маалымдады.
Диетолог белгилегендей, организмде витамин жана минералдар жетиштүү түрдө болгондо гана адам бат арыктайт. Витамин жана минералдар майды эритип, денеден суюктукту бөлүп чыгарат. Адис бул процессте калий маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
"Тери жана заара бөлүп чыгаруучу система аркылуу калий организмден суюктукту айдайт. Денеде суу көп топтолуп калганда ал жакта саз пайда болот дагы нерв импульстарын нерв жолдору менен өткөрүү кыйынга туруп калат. Жыйынтыгында адам чарчаңкы абалда, алсыз болуп, теринин түсү бузулат", — деген адис.
Диетолог калий өсүмдүктүн бардык түрүндө, үндүк жана сүттүн курамында көп болорун айткан. Ошондой эле төө буурчак, деңиз капустасы, брокколи, картошка (сууга бышкан), какао, миндаль дагы калийге бай.
Булак: NazarNews.kg