www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына келди.

Буга чейин Жапаровдун пресс-катчысы 14-ноябрда арыз жазып, кайрылуу жасай тургандыгын айткан.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтеринин тизмеси жөнүндө КР БШКсынын токтомуна ылайык, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, чет мамлекеттин жарандыгы жоктугу боюнча жеке маалыматтарды карап чыгууга жазуу түрүндө макулдугун, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн тапшырды.

 

Эске салсак, президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз 15-ноябрга чейин берилиши керек. Бүгүнкү күнгө чейин БШКга 30дан ашык арыз келип түшкөн.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости