www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Төмөндө Садыр Жапаровдун куттуктоосу:

«Урматтуу айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!

Сиздерди айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм.

Өлкөбүздүн калкынын жарымынан көбү айылда жер иштетүү жана мал чарбасы менен алектенет. Айыл чарбасы биздин экономиканын негизги тармактарынын бири болуп саналат.

Табигый-климаттык татаал шарттарга жана керектүү ресурстардын жетишсиздигине карабастан, республиканын калкын айыл чарба продукциялары менен толук камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракет кылып келген фермерлерибизге, дыйкандарыбызга жана кайра иштетүүчү ишканалардын жумушчуларына терең ыраазычылыгымды билдирем.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык саясаты - аймактарда жашоо сапатын жакшыртуу, экспорттун көлөмүн кеңейтүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн рентабелдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн агрардык тармагына жеңилдетилген кредиттерди берүү, адистештирилген айыл чарба техникаларын лизинг шарттарында берүү, сугат тутумун калыбына келтирүү жана айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө багытталган долбоорду ишке ашырып атат. 

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди, мол түшүм жана жалпы айыл чарба тармагынын өнүгүшүн каалайм».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости