www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Кыргызтан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу жана приоритеттүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө басым унаа, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы мындан ары өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.

Тараптар, ошондой эле, Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын Орусия аймагында жүрүүсүнүн укуктук макамын жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости