www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир катар европалык саясатчылар Владимир Зеленскийге 2022-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын ыйгаруу демилгесин көтөрүштү, деп айтылат nobelprizeforukraine атайын сайтында жарыяланган катта.

"Учурдагы жана мурдагы саясатчылар, Европарламенттин депутаттары Норвегиянын Нобель комитетинен 2022-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгына талапкерлерди көрсөтүү жол-жобосун карап чыгууну жана Владимир Зеленскийди тизмеге кошууга үлгүрүшү үчүн арыз берүү мөөнөтүн узартууну суранышты, анткени арыздарды кабыл алуу аяктаган" - деп айтылат маалыматта.

"Биз Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү жол-жобосун 2022-жылдын 31-мартына чейин узартуу өтүнүчү менен Комитетке кайрылабыз", - деп билдирет саясатчылар.

Буга чейин Норвегиянын Нобель комитетинин басма сөз кызматы быйыл Нобель Тынчтык сыйлыгына 251 адам жана 92 уюм талапкер болуп көрсөтүлгөнүн билдирген. 2021-жылдагы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы орусиялык журналист, "Новая газетанын" баш редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости