www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миграциялык мыйзамдарды бузган Тажикстандын 50дөн ашык жаранын Казакстан мекенине депортациялады. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Тажикстандын Бахтиёр аттуу жараны "Озоди" радиосуна Алматы шаардык сотунун алдында сот чечимин күтүп турган тажик жарандарынын видеосун жөнөткөн. Анын айтымында, бул шаарда жалпысынан Тажикстандын 80ден ашык жараны кармалган. "Бардык документтерибиз бар экенине карабастан, сот бизди депортациялоо тууралуу чечим чыгарды. Менин Казакстандын аймагына кирүүмө 5 жылга тыюу салышты. Үч күндүн ичинде сот 50дөн ашык тажик жаранын допортациялоо чечимин чыгарды", - деди Бахтиёр.

Өзүн Жамшед деп тааныштырган дагы бир мигрант каттоо мөөнөтү өтүп кеткени үчүн депортацияланганын билдирди. "Менин каттоомдун мөөнөтү өтүп кеткен. Жакынкы күндөрү узартайын деп жаткам, бирок рейд маалында кармалып калдым. Сот чечими боюнча доо арыз жазбайм, бул пайдасыз", - деди ал.

Казакстандагы тажик диаспорасынын төрагасы Шакарбек Норматов полициянын рейддери маалында тажикстандык мигранттар кармалганы тууралуу кабары бар экенин билдирди.

"Буга чейин бийлик мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо боюнча рейддер болорун баарына эскерткен. Тилекке каршы, айрым мекендештерибиз тиешелүү документтерди топтоого шашылбай, Казакстандын миграциялык мыйзамдарын бузуп жатышат. Мен билгенден каттоого турбаган жана иштөөгө уруксат албаган бир нече мигрантка айып пул салынып же депортацияланды", - деди Норматов.

Анын айтымында, Орусиядагы экономикалык абалдын начарлашынан улам Казакстанга иштегени барган тажик жарандарынын саны көбөйүшү мүмкүн.

Казакстанда 4-марттан тарта чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок адамдарга убактылуу же туруктуу жашап турууга уруксат берүү эрежелери өзгөргөн.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы Казакстанга иштөө үчүн Тажикстандын 40 миңден ашык жараны барган. Өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн алардын 2 миңден ашууну депортацияланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости