www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Сулайманов Ысык-Көлдө эмне өндүрүп жиберди?

Ысык-Көлгө губернатор болгону Алтынбек Сулайманов мойнунан байланып жетеленип калды. Ага караганда Ысык-Көлдөн баш көтөргөн депутаттардын аты чыгууда. Эл энчисин жеп жуткан Түмөнбаев сыяктуу депутаттарды эл кодулай баштады. Ал кадимки залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун бир тууганы Түмөнбайдын баласы, анын алкы бузук, «өзү тойсо да, көзү тойбойт». Депутаттар Акылбек Түмөнбаев менен Түлөбаев Ысык-Көлдүн маселесин, кадр саясатын баардык жагын чечүүгө жандалбасташып, өз ара абройго ээ болууга белсенишиптир. Ысык-Көл эли экөөнү анчейин кабыл албай коюшканы кандай? "Булар өздөрүнүн округдарынан эптеп добуш алышкан, жалпы Ысык-Көлгө жооп бере алышпайт" деген сөздөр курчуп кеткени ырас. Чындыгына келгенде, Түмөнбаев коомдук ишмер катары, же эл астында чындыкты айтып келишкен эмес. Кайсы бийлик келбесин, ошолордун чачпагын көтөрүп, тымызын кошомат кылып жүрүшчү. Эми эле президентке таянышып, өз киши катары чыга калышса, карап турган коомчулукту жийиркентип салышпайбы?

 Бир убакта тентектик кылып азыр мамлекет башында тургандардын тумшугун жара койгон Сулайманов Алтынбек деген бар? Анын муштумунун салмагы сайдын ташындай ал кездеги президент Атамбаевке каршы турган адамдарды элдин көзүнчө ыза кылганы үчүн аны Атамбаев даңазалап «Алтын бала» деп эркелетип, өз алдынча «Республикадан» бөлүп «Бир бол» партиясын түзүп берип, элиталык бийликке кошкон. Канча акча бергенин ким билет, бир Атамбаев, бир Сулайманов эле билбесе. Бирок, Атамбаевдин башына күн түшкөндө Жээнбековдун колтугуна кире качып, Атамбаевдин кол тийбестигин алып, камаш керек деп божурап чыккан. Эми тумшугун талкалатып алгандар Ысык-Көлгө губернатор кылышты. Ал    «Республикадан», «Бир болго» келгенде Мыктыбек Абдылдаев, Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев деген эски көпөстөрдү топтоп алган. Бул шайлоодо «Бир болу» өтпөсүнө көзү жетип, «Альянска» өтө качкан.

 «Тентек» Сулайманов Түлөбаевче президенттин колун кысып, бетинен өөп ыраазычылыгын билдиргени элге жайылды. Бир убакта Ысык –Көл облусуна Балбак Түлөбаев губернатор болгондо президент Жээнбековдун колун кысып, бетинен өөп ыраазычылыгын билдирген, эми аны Алтынбек Сулайманов кайталады. Президенттин жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалгандан кийин өзүнүн пикирин социалдык тармакка жазып чыккан."Альянс" партиясы менен коштошуп "гүбүрнаторлук" кызматка кадам койгон Алтынбек Сулайманов.

Атамбаевдин таянычы, кийинки президенттин да ишенген адамы болгон «Бир бол» партиясын илбирстин эмблемасы менен жарыкка чыгарган Алтынбек Сулайманов болгон. Эмне экен азыркы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ага таянып депутат болгон. Анын партиясындагы илбирсттин эмблемасын Казакстандагы эң зор партия «Нур-Отан» көчүрүп алган. Аны жетектеп турган Дарига Назарбаеваны эми бул партиядан сүрүп жатат. Андан кыйын атасы Нурсултан Назарбаев сүрүлүп баратса. Алтынбек Сулайманов «Бир болдон» мурун Бабановдун «Республика» партиясында болуп туруп Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчысына келиши үчүн катуу кам көргөн.

"Мага өкмөт башчы болууну Сулайманов баштаган топ сунуш кылган" деген саясатчы Өмүрбек Бабановдун билдирүүсүнө Алтынбек Сулайманов жооп кайтарган. "Бабановдун өкмөт башчысына барарынан кабарыбыз жок болчу. Биз ага эч кандай установка берген эмесбиз» - деп. Өмүрбек Бабанов аман эле болсун! Ал ар дайым бир топтун ийгилиги болсо өзүнө ыйгарат "мен жасадым" деп чыгат, ийгилик болбой калса өзүн четке алып качат. Бир топ партиялар болуп кеңешип премьер-министрликке Бабановдун талапкерлигин сунушташкан. Бабанов кийин мени өздөрү сунушташкан деп айтып жатат. Ал өзү чуркап жүрүп, мен өкмөт башчы болот элем, мен ушул абалдан чыгарып кетет элем деп чуркаган. Ошондой эле баса белгилеп айту нерсе, аны эч ким өкмөт башчысына бар деген эмес, Атамбаев менен митингге чык деп эч ким айткан эмес. Ал жеке өзүнүн жасаган иштери. Бул азыр мунун баарын ал башкаларга оодарып, суудан курук чыгып кетейин деген эле позициясы болсо керек.

Алтынбек Сулайманов "айныды". Кыргызда өзүнө жарашпаган ишти кылган адамды "айнып калыптыр" деп койот. Алтынбекти илгертен спортсмен, чоң муштум, чыр адам катары эл билет. Чын эле ошондой: бала чагынан эле чырбаш болчу, эми такырбашы кошулду. Мурун көчөдө мушташчу, азыр парламентте мушташа калат кээде-кээде. Садыр Жапаровдун маңдайын жара коюп, Алмаз Шаршенычтан Ташиевдерге кордук көрсөткөнү үчүн "Алтын бала" деген алкоо уккан жайы бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости