www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Бишкекте кайгуул милиция айдоочуга курал кезеди

Бишкекте кайгуул милициясынын кызматкери мотоциклчен адамга курал кезеди. Окуя болгон учурда тартылган видеону активист Болот Ибрагимов социалдык тармакка жүктөгөн.

Кадрларда көрүнүп тургандай, милиционер айдоочуга курал кезеп, жанында турган кесиптеши ага тапанчаны түшүр дегендей жаңсап жатат. Көп кабаттуу үйдөгү батирдин терезесинен тартып жаткан киши атпа деп суранат.

Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу окуя түндө болгонун айтты. Маалыматка караганда, Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган айдоочуну инспекторлор токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал качып барып, 12-кичи райондо колго түшкөн. Окуя дал ошол жерде болгон.

Ошондой эле, милициядан билдиргендей, кийин айдоочу наркология бөлүмүнө жеткирилип, рулга ичип алып отурганы аныкталган. Жыйынтыгында айдоочуга карата беш протокол түзүлдү. Ал эми жаранга курал кезеген кызматкердин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости