www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында 6-октябрдагы окуялардан кийин «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» партиялары коалиция түзүп, эмнеге анын талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөткөнүн айтып берди.

«7-октябрда Алтынбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын жөнөтүп «чогулуп, сүйлөшөлү» деген. Ошол жерде Алтынбек Сулайманов, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Жоодар Шадыканов жана алардын тилектештери болгон. Анан ошол жактан сунуш кылышты. «Сулаймановду спикер кылабыз» дешти. Анан «парламенттик, президенттик шайлоого барбаңыз» дешти», - деди Бабанов.

Бабанов атаандаш талапкер катары Садыр Жапаровго да бирдей шарт түзүлүп, парламент аркылуу шайланып барууга макулдугун бергенин кошумчалады.

Садыр Жапаров 6-октябрдагы өлкөдөгү окуялар учурунда түрмөдөн чыккан. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү менен премьер-министрликке көрсөткөнүн кабарланып, анын чечимдери боюнча талаш жаралып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости