www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов өзүнүн камалышын саясий интрига деп атады

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүнүн камалышын саясий интрига деп атады. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова УКМКнын имаратындагы нааразычылык акциясына чыккандарга билдирди.

Курсан Асанов өзүн күнөөсүз деп эсептейт жана эмне үчүн камакка алынганын түшүнбөйт. Адвокат белгилегендей, 5-6-октябрь күндөрү болгон башаламандыктар боюнча кылмыш ишин тергөө мыйзамдуу эмес, саясий чөйрөдө жүрүп жатат.

Курсан Асанов, адвокаттын айтымында, Ички иштер министри кызматына киришкен эмес, бирок башаламандыктардан кийинки алгачкы күндөрү тартипке келтирүү жана Бишкекте талап-тоноочулукка жол бербөө үчүн координациялык кеңеш тарабынан убактылуу дайындалган.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту 29-октябрда Курсан Асановду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алган. Министрдин мурунку орун басары 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктан кийин кармалган. Ал, башка айыпталуучулар сыяктуу эле, башаламандык уюштурган деп айыпталууда.

Бул ишке Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев жана Темирлан Султанбеков дагы катышты. Үй камагына чыгарылган Султанбековдон башкасынын бардыгы азыр камакта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости