www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда Башар Асад режими 6 айдын ичинде 2 миң 900дөн ашуун баррель бомбасын колдонду.

Сириянын Адам укуктары уюму, Асад режиминин оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү отурукташуу жерлерине быйыл январь-июнь айларынын аралыгында ишке ашырган кол салууларына байланыштуу отчетун жарыялады.

Отчетто жылдын биринчи 6 айындагы кол салууларда колдонулган 2 миң 908 баррель бомбасынын себебинен 44ү бала, 52си аялдан турган жалпы 169 карапайым тургундун каза болгону белгиленди.

Отчетко караганда режимдин аты аталган мөөнөттөгү кол салууларында 9 мечит жана 18 саламаттык сактоо борбору да арасында болгон жалпы 32 жер бутага алынды.

Буга караганда режим күчтөрү январь айында 427, февралда 407, мартта 793, апрелде 761, майда 93, июнда болсо 427 жолу баррель бомбасын колдонду.

Беррель бомбасы менен кол салуулардын аякташы керектиги белгиленген отчетто, режимге курал-жарак жана акчалай колдоонун токтотулушу чакырыгы салынды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости