www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асан менен Үсөнгө турмушка чыккан Батмакан менен Зухракан

Баткендин Зарташ айылынын 55 жаштагы тургуну Зухрахан Ганыева эгизи Батмакан Ганыева экөө бир үй-бүлөгө келин болушкан. Жергиликтүү басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Анын айтымында, өзү Үсөнгө, түгөйү Батмакан Үсөндүн эгизи Асанга жубай болгон. Аларга келин болгон кезде да окшош кийим алып беришчү. Коңшулар, кайын журту жаш кезинде көпкө ажырата албай жүрүшкөн. Жада калса тойлорунда түгөйлөрү ажырата албай алмашып туруп алышкан учурлар болгон.

«Мен Өзбекстандан келин болуп келгем. Ата-энебиз ошол жактагы кыргыздардан болушат. Батмакан эгизим экөөбүз Асан менен Үсөнгө колукту болгонбуз.

Турмушта да бирге жүрүп кийин алар бизден бөлүнүп кетишти. 5-6 жыл чогуу жашадык. Экөөбүздү кошуналар, кайын журт дагы адаштыра беришчү. Анткени окшош болчубуз. Жолдошторубуз да эгиз окшош эле.

Бизди тааныштар таныштырып үйлөнгөндүктөн, ажырата алышпай тоюубузда алмашып туруп алган учур болгон. Айылда жүрсөм кошуналар, «Дүкөнгө барсам азыр эле сага окшош келин» көрдүк дешчү. Акырындан баары үнүбүздө ажыратып калышты.

Азыр эми баарына белгилүү эле. Менин арыктыгымды, Батмакан толмоч экенин айтышат. Бири-бирибизден ажырагандан кийин бат-баттан жолукчубуз, сагынып калат элек. Жолдошторубуз билгизбейт, кантсе да эркек киши да. Мүмкүн алар да кыйналышкандыр. Азыр эми 55 жашка чыктык. Жолдошторубуз бизден 2 жашка улуу.

Биз жолдошум экөөбүз 4 кыз, 2 уулдуу болдук. Эгизим да бала-чакалуу болду. Бирок бизде же Батмаканда эгиз б төрөлбөдү. Эми буйруса неберел Азыр бир баламды үйлүү кылсак дей турабыз», - делди Зухрахан айым.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости