www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылга белгиленген президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдогандын талапкерин алдыга сүрөп жаткан “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы жалпы шайлоого байланыштуу бардык варианттарды изилдеп чыгып, аны кийинкиге калтыруудан баш тартууда. Бул тууралуу «Hurriyet» гезити өз булактарына таянып жазды.

Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоонун өзү сунуш кылгандай 14-майда өтөрүнөн кооптонбой турганы белгиленген.

Чындыгында, бир нече апта мурун Эрдоган өлкөдө күтүлүп жаткан шайлоону жай айларында эмес, майдын биринчи жарымында өткөрүүнү сунуштаган. Мамлекет башчы муну жай айларында көптөгөн жарандардын өлкөдөн эс алууга чыгып, шайлоо процессине катыша албай калганы менен байланыштырды. Кийинчерээк ал шайлоону 14-майда өткөрүүнү сунуштады. Ошондуктан мындан 73 жыл мурун, 1950-жылы 14-майда Түркияда көп партиялуулукка биринчи кадам жасалган. Ошол эле жылы Аднан Мендерес менен Жалал Баяр баштаган демократтар Ататүрк негиздеген жана 27 жыл бийликте турган «Эл республикасы» партиясын жеңип, өлкөнү башкарууну колго алышкан.

Билдирүүгө ылайык, Жогорку шайлоо комиссиясы бул процессте пикир келишпестиктерди болтурбоо үчүн жер титирөө болгон жерлерден көчүп келген жана окуя болгон аймакта калган жарандарга добуш берүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып барат. .

Буга чейин саясатчы Бүлен Арич азыр шайлоо мезгили эмес, жарандар шайлоо үчүн эмес, өмүр үчүн күрөшүп жатканын айткан. Өлкөдөгү 6 оппозициялык партиянын коалициясы азырынча талапкерлерин жарыялай элек. Түркиядагы кыйраткыч жер титирөөдөн кийин Эрдоган менен "Адилеттик жана өнүгүү" партиясына каршылар көбөйдү. Оппозиция жана коомчулук 1999-жылдан бери чогултулган жана Эрдогандын тушунда 36 миллиард доллардан ашык жер титирөө салыгынын кайда жумшалганын өкмөттөн талап кылууда. Жер титирөө жана анын тегерегиндеги кризистин шайлоого катуу таасири болору күтүлүүдө.

Сахиба Мамадиярова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости