www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда тоо текелерди атып, унаасына жүктөп бараткан жеке ишкер кармалган. Анын видеосу социалдык тармактарга тараган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга 2022-жылдын 28-декабрь күнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош— Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынан кайрылып, Ноокат районунун тургуну Баткен облусунун Кадамжай районунун Бел-Алма участогунда мыйзамсыз аңчылык кылып, 3 баш тоо теке атылгандыгы маалымдалган.
Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун 50 жаштагы тургуну Ш.А. өзүнө таандык болгон ок атуучу куралы менен 3 баш тоо текени мыйзамсыз атып, аларды автоунаасына жүктөп бараткан жеринен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош-Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы аныкталган.
Аталган факт 2022-жылдын 28-декабрь күнү тартылып алынган видеонун негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (жаныбарларды жана өсүмдүктөр кылуу) менен аталган тургунга жал миң сом айып пул каралган.
Ал эми айып пулду тургундан өндүрүү жагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош— Жалал-Абад регионалдык башкармалыгына милдеттендирилген.
Булак: NazarNews.kg