www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги акын, драматург, жазуучу, котормочу Асан Жакшылыковду кепке тартып, түрдүү талкууга алынган жагдайлар боюнча баарлаштык.

-Асан агай,  пандемия менен күрөшүүдө өлүм  күндөн-күнгө көбөйүп баратат, башка айласын тапсак болобу?

-Биринчиден, элдин нерви кайнап сиркеси суу көтөрбөй, шартка ылайык ыкчамдык да байкалбайт. Бул жөн оору эмес, элди кырган согушка окшош. Андыктан Сталин иштегендей  кийимин чечпей жатып-туруп жанталашып иштөө зарыл же Рузвельттей саясатты ыкчам буруп, чиновниктер структурасын өзгөртүү керек.

-Эл пандемия учурунда дарынын жетишсиздигинен өлүп жатса, дары саткандар керектүү дарыларды сатыкка чыгарбай кымбат сатууну көздөп, кампаларында бекитип жатышкан  деген маалым желдей тарады.  Эгер ал маалымат чын болсо, кампанын ээлерин жазалаш керекпи?

-Дары тармагы көптөн бери эле кызыл кулактык жакка оогон да. Элдин ден соолугу мамлекеттик иш болсо да, бул тармак пайдакечтиктин мекени болуп келет. Ооба, ден соолук мамлекеттик саясат болгон соң, аларды ийге келтире турган иштетүүчү заманбап формасын табуу керек. Жалпы эле жашообузду чындап өзгөчө өзгөртпөсөк болчудай эмес. Дагы кыйынчылык алдыда. Анткени, өзүбүз дары чыгарбагандан кийин аларга байкелегенибиз байкелеген. Мындай учурда мыйзамдын күчүнө, элдин талабына таянуу керек. Монополияны ооздуктоо керек. Ошондой эле  түз байланыштуу мамлекет аралык келишимдерди тез арада түзүү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости