www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Максат Асаналиевдин УКМКнын жетекчилигине келиши катардагы формалдуу кадрдык алмашуубу же атайын кызматтын ролун кайра аныктоо аракетиби деген маселе күн тартибинде турат.

Мындан улам Асаналиевдин артыкчылыгы эмнеде деген суроо туулат? Ал мурда УКМКнын тергөө кызматында, андан соң прокуратура системасында иштеди. Башкы прокурор болду. Эки негизги түзүлүштө эмгектенип тажырыйба топтогон кадр, иш жүзүндө жемиштүү натыйжа көрсөтүүгө таасир эте алабы?

Дегенибиз, Асаналиевдин алдында турган эң чоң сыноо, УКМКны “көп тармактуу таасир борборунан” чыгарып, өзүнүн классикалык функциясына кайтарууга чамасы келеби, маселе ошондо. Бул оңой процесс эмес. Себеби мындай өзгөрүү системанын ичиндеги көндүм болуп калган саясий жана экономикалык кызыкчылыктарга түздөн-түз каршы келет. Кадрдык тазалоо жүргүзүлүп жатканы, структуралык мааниси жаңыртылмайын анчейин таасир бербейт.

Эгер реформалар чын эле системалуу мүнөздө улана турган болсо, УКМКда функциялык кыскаруу жана кесипкөйлүктүн өсүшү мүмкүн. Бирок эгер өзгөрүүлөр убактылуу кадрдык ротация деңгээлинде кала берсе, анда мекеме кайра эле кеңири ыйгарым укуктуу, бирок ички балансы туруксуз структура бойдон калуу коркунучу бар.

Демек, Асаналиевдин дайындалышы мүмкүнчүлүк да, тобокелдик да десек болот. Системаны өзгөртүү же кызыкчылыктын туткунда калуу – мүмкүнчүлүк менен тобокелдикке байланган саясий эрктен көз каранды.

Последние новости