www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16–19-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин эл аралык кинофестивалы өтөт.

Маалыматка ылайык, ири маданий иш-чара ШКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын уюмга төрагалык кылуусуна арналып уюштурулууда.

Фестивалга ШКУга мүчө сегиз мамлекеттин расмий делегациялары, кино тармагынын өкүлдөрү жана тиешелүү уюмдардын адистери катышат.

Программада катышуучу өлкөлөрдүн улуттук кинематографиясынын өнүгүүсүн чагылдырган көркөм тасмалар, 2025–2026-жылдардагы кино өндүрүшүнүн панорамасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинооператор-коюучу Кадыржан Кыдыралиевдин чыгармачылыгына арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр камтылган.

Иш-чаранын алкагында кино тармагындагы кызматташтык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу маселелерине арналган эл аралык тегерек стол да уюштурулат.

Фестивалдын жыйынтыгында жеңүүчүлөр эл аралык калыстар тобу тарабынан аныкталып, жабылуу аземинде сыйлоо салтанаты жана гала-концерт өткөрүлөт.

Последние новости