www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди. Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушев Түштүк Корея мамлекетине иш сапары менен барып, УИА жана аталган мамлекеттин илимий-изилдөө мекемелеринин ортосундагы Меморандумга кол коюп келди. Анда эки тараптуу макулдашуунун негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо тармагын инновациялоо боюнча илимий-изилдөө борбору ачылаары белгилүү болду.

Директордун айтуусунда, буга чейин мындай келишимдер өнүккөн өлкөлөрдүн ортосунда гана болуп келген. Башкача айтканда, Кыргызстан алдыңкы агротехнологиялар менен иш алып бара турган болсо өнүккөн мамлекеттер арасында чоң утушка ээ боло алат. Ошондой эле биринчи долбоордун негизинде кыргыз - корей инновациялык борборунда кореянын жана жергиликтүү тоок тукумдарынын генетикалык изилдөөсү жана аларды адаптациялоо иштери жүргүзүлөт.

“Түштүк Кореяда айыл чарбасын инновациялоонун уникалдуу системасы түзүлгөн экен. Аларда фермерлерди урук, өсүмдүк өстүрүүдөгү жаңы технологиялар менен камсыздоочу жана айыл чарба азыктарын сатууну үйрөтүүчү атайын мамлекеттик структура иш алып барарына күбө болдум. Бул тажрыйбаны биз дагы колдонсок ашык болбос эле” – дейт А.Жунушев. 

Андан сырткары, иш сапардын алкагында генетика жана биотехнология тармагындагы изилдөөлөрдү каржылоо боюнча бир катар гранттык келишимдерге кол коюлган.

Ал эми август айында Кыргызстанга ишти андан ары улантуу үчүн Түштүк Кореядан атайын делегация келет.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости