www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир жыл мурун экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында ызы-чуу кылып, акыры кайынагасы Бельяниновдун жардамы менен Канттан Москвага учуп бараып Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп кайтат. Ушундан соң экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш Элдик Республикасын (КНР) жарыялайт. ДНР, ЛНР бир облустун аймагын ээлейт, ал эми КНР бий үйдүн гана аймагы болгон. Ушундай оор кырдаалдарда Кой-Таш Элдик Республикасы кулап, Курсан Асановдун аты угулган. Эми ал тууралуу эки жактуу ой бар.

24-августтун кечки саат 18:00гө чейин алгач шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын 17си гана БШКга документтерин тапшырып, 5 млн сомдон күрөө коюшту. Бийликтин партиясынан башкалары ашып кетсе 15-20 мандат алаары баарыбызга маалым. Мына ушундай тизме түзүүдөгү талаш-тартыш “Бүтүн Кыргызстан” партиясында өтө оор болду. Жакында эле Темир Сариев “Ата-Мекен” партиясы менен биригип, кайра пикир келишпестиктен улам ал жактан кеткен. Так ушул Темир мырза “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров менен дагы пикири келишпей кетти. Дегеле ушул Сариевдин жүргөн жеринде чөп чыкпайт дегендер арбын. Элди түндүк-түштүккө бөлүп, жаргандыгын коомчулук унутпай айтып келет.
Аталган партиядан дагы бир генерал Курсан Асанов шайлоого аттанары маалым болгон. Бирок, Курсан Асанов тизмеге өзү гана кирбестен өзүнө кошуп дагы жети кишини ээрчитип келип, аларды алдыңкы орунга киргизүүнү лидерден талап кылып жаткан имиш. Курсан Асанов өзүнө караштуу жети кишини кошо алып киргидей ошончолук авторитети барбы? Кара-Сууда “Курсанды шайлайбыз”- деп күтүп турчу электораты абдан эле аз дегендер да жок эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости