www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” партиясы документтерин тапшырууга жетишти

“Кыргызстан” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоого катышуу үчүн керектүү документтерди тапшыра алган жок деген маалымат чындыкка дал келбейт.

БШК билдиргендей, саясий бирикме документтерди тапшырды жана бүгүн, 25-августта жумушчу топтун отуруму болуп, анда алар текшерилет.

“Мыйзамга ылайык, БШК акыркы чечимди чыгаруу үчүн документтерди 24 саат бою карап чыгууга укуктуу. Демек, бүгүн, саат 18.00гө чейин, биз чечимибизди айтабыз “, – деп билдирди БШК.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун “Кыргызстан” партиясы курултай өткөрүп, анда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости