www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттик иликтөө жана маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо менен иш алып барган factchech.kg сайты август айында Атамбаев чуусу менен кызматтан алынган Курсан Асановдун ордуна - ички иштер министринин орунбасары болуп келген Памирбек Асанов жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши керектигин же болбосо «КР ИИБ тууралуу» мыйзамына ылайык ага “генерал-майор” чини берилиши керектиги тууралуу жазды.

Маалыматтарга ылайык, Памирбек Асанов ушул жылдын 16-октябрында 55 жашка толду.

"Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга ылайык, жетекчилик орунда иштеген, орто жана улук наамдары бар кызматкер 55 жашында иштен бошошу керек же өз каалоосу менен 50 жашында отставкага кетсе да болот.

Же болбосо, «КР ИИБ тууралуу» мыйзамына ылайык, учурдагы полковник чини менен жүргөн Памирбек Асановго “генерал-майор” чини ыйгарылышы керек.

Аталган мыйзамда “жогорку жетекчилик кызматтарда иштеген орган кызматкерлеринин курамы ички иштер кызматынын - милициянын генерал-майору, генерал-лейтенанты жана милициянын генерал-полковниги чиндерин алып жүргөн милиция кызматкерлеринен куралат” деп жазылганын айтат аталган сайт.

Демек, мыйзамга ылайык, Памирбек Асанов же отставкага кетиш керек же ага генарал чинин ыйгаруу зарыл.

Ошондо, акыркы күндөрү “карайлап” калган Кашкар Жунушалиев жана жогорку аткаруу бийлиги кайсынысын тандайт? Акыры мыйзам деген аткарылышы керек да...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости