www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күн мурун кыргыз интернет айдыңында Бишкек шаарындагы “Кожомкул” атындагы спорт ордосунун оңдоп-түзөө иштеринен кийинки көрүнүш жарыяланып, анда аталган спорт сарайдын жетекчилиги, тиешелүү министрликтер, Кыргызстандын аткаруу бийлиги жана оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөткөн компания сынга кабылган. Себеби, спорь ордосун оңдоого жардам берген “Элит Хаус” курулуш компаниясы отургучтарга өзүнүн логотибин балчайта жазып койгон.

Спорт ордосунун жетекчилиги мунун эмнеси бар деп калса, көпчүлүк спорттук мелдештерден сырткары концерттер коюлганынан да оңбогондой чоң акча түшкөн мекеме имаратты оңдоого кеткен каражатты да жаппайбы деп таң калууда.

Ошондой эле, спорт ордосундагы отургучтарга логотип түшүрүлгөнү интернет айдыңында түрдүү мемдерди жаратты. Мунун айынан аталган курулуш компаниясы оңбогондой эле жарнама болду окшойт. Төмөндө ошондой мемдердин жана интернет колдонуучулардын жазгандарынын айрымдарына орун беребиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости