www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттык орундар сатылып жатканы тууралуу саясат тануучу Денис Бердаков социалдык тармактардан: "Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоолор өтөт. Мага орун сунушташты. Өтө кымбат жыргалчылык экен, көрсө, медиалык инсан катары, андан башка жаштар жана жана улукттук квотамды эске алып, жеңилдетүүдөн кийин партиянын кассасына 350 миң доллар төлөшүм керек өкен",-деп  жазган.

Эске сала кетсек, буга чейин ЖКнын депутаты Дастан Бекешев өзүнүн жеке сайтына Кыргызстандын маалымат булактарына берген маегин жайгаштарыган. Анда ачык эле алдыдагы шайлоолор, мандат тууралуу маек курган. Ал гана эмес өзүнүн кесиптештерин тамаша салып, "Бул жер миллионерлер клубу" деп айткан.

Журналисттин "шайлоодо депутаттык 100 миң доллардан 500 миң долларга чейин болот дешет" деген суроосуна, "100 миң бул сиздин эски маалыматтарыңыз экен" дегени таң калыштуу болду. Бекешев андан аркы сөзүндө алдыңкы орундуктар 300 миң доллардан кем болбосун, алардан да жогорку орундуктар ал турсун 1 миллион долларга чейин барарын ачык эле айтыптыр. "Ар кимдин күткөн байлыгына жараша бааланат, кимде завод, пароход бар, ал андан да жогорку акчаларга бааланат",- дейт бекешев. "Анан бул акчаларды алар кантип акташат?" деген суроосуна Бекешев "кеп акчада эмес, алар ал жерге өздөрүнүн бизнесин коргоо үчүн барышат дейт.

Саясат тануучунун айтымында ал эч качан ЖКте иштөөнү планташтырган эмес. "Мен буга чейин парламентке барууга ниет кылган эмесмин. Бирок, мындай иш болуп жатса, экологиялык жана коррупцияга каршы мыйзамдарды сүргөнгү пайда болсо...Фейсбуктан мынтип сураганга даярмын: Карапайым киши 350 миң долларды кайдан таба алат? Таанышым 35 миң жарандардан 100 доллардан чогултууну сунуштады. Менимче бир аз фантастикалуу. Бирок, краудфандинг идеясы мага жагат. Депутаттардын айлыгы канча эле? Айына 1500 болуш керек. Ошондо 5 жылда 90 миң доллар",- деп айтканын "Факты kg" гезити жазып чыкты.

NazarNews.kg

Последние новости