www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунда жаңы бала бакча толук кандуу иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мээриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кичи райондун тургундары буга чейин бала бакча жогунан алыс болгондугуна карабай шаардын борборундагы бала бакчаларга балдарын ташып убара тартып келишкен. Бул жылы калаа бийлигинин колдоосу менен 50 орундуу бала бакча курулуп, аймакта бул көйгөй жоюлду.
Жаңы мектепке чейинки билим берүү уясында тийиштүү кызматкерлер жана атайын медайым иш алып барууда. Учурда балдардын билим алуусу үчү керектүү шарттар түзүлүп, имарат заманбап жабдыктар менен камсыздалган.
“Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен бала бакчаны курууга 19 миллион 100 миң сом акча каражаты сарпталган”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу "Жеңиш” кичи району шаардын чыгыш тарабындагы адырдын үстүндө жайгашып, 5 миңден ашуун калк жашайт.
NazarNews.kg