www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматынын, өндүрүштү кайрадан иштетүү тармагынын отличниги, салык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери... Түй ата, санай берсек мындан өткөн элита инсан жоктой көрүнөт экен.
Депутаттыкка чейин салык кызматтарында, андан кийин жалаң спирт тармагында иштеп келген депутат Алмазбек Баатырбековдун футболдук стадиондо көрүүчүлөр олтурчу олтургучка бутун коюп, камерага “зор!” деген мааниде баш бармагын чыкыйта чыгарып түшкөн сүрөтү интернет колдонуучулар тарабынан сынга кабылды.
Сүрөт өткөн аптанын дем алыш күндөрү Москвадагы стадиондордун биринде тартылган.
Соцтармактарда тараган маалыматтарга ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары бюджеттин эсебинен Москвага барып футбол ойноп келишкен. Бул оюн тууралуу Жогорку Кеңештин пресс-кызматы негедир маалымат тараткан жок.
Бирок, айрым интернет колдонуучулар алардын Москвага мамалекеттин, бюджеттин эсебинен барып футбол ойноп келгенин жазышууда.
“Жогорку Кеңештин депутаттары Москвага мамлекеттин эсебинен барып футбол ойношту. Бардык чыгымдар Жогорку Кеңештин эсебинен төлөнүп берилди. Мамлекетте экономикалык абал начар болуп турганда ЖКнын эсебинен баруу кажет беле? Деги эле депутаттарыбыздын бизнеси көп, мамлекеттин акчасын карап калчудай итке минген кедей эмес. Өз эсебинен барып келишсе деле болмок...” деп бири жазса, дагы бир интернет колдонуучу: “Бекерчи, кылаарга башка иштери жок. Анан топ теппей эмне? Өздөрүн элитабыз дешет. Этиканы билишпейт. Адам жөлөнчү олтургучка бутун коюшат. Кыйраткансып аны фейсбука коюшат. Кыскасы өздөрүнөн башканы жыргатпаган жан болду го, булар!”, -деп жазды.