www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы Кыргызстан ЕАЭ биримдигине кирип алып, капканга түшүп калган. Бир четинен капкан деп деле айтуу кыйын. Бир топ эле артыкчылыгы бар. Болгону “эшегине жараша тушагы” – дегендей, бийлик төбөлдөрүбүздүн иш билгилиги төмөн, экономикалык көрсөткүчтөрдү алдын ала көрө албагандыгынын айынан биримдик бизге орго айланды. Мына, баарыбыз билгендей жаңы жылдан кийин Кыргызстанга чет өлкөдөн кире турган автунааларга бажы төлөмү асманды чапчыйт деп, таманыбыздын сөөгүн мүлжүп отурабыз.

Бул учурда Монголия Германиядан ташыла турган унааларга салыкты таптакыр алып салды. Ал эки тараптуу келишимдин негизинде ишке ашууда. Бизде дагы ушундай жүздөгөн акылсыз чиновниктин арасында жок дегенде бир акылдуу чиновник болсо ушундай эки тараптуу келишим түзүп алса болот беле? Же Москва эмне десе ошону кылып, өткөн кылымдын чириген, араң жан ВАЗ, ГАЗын элге миндирип, кулакка "лапшадан" илип жүрө бересиңерби?  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости