www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчы кайдан чыкты?

Бала кезинде сиз аны ойнотуп жатам деген ойдо маани бербей алдай берчүсүз. Колуңузда жок болсо да: "Балам, бери келчи, сага шоколад берем",- деп же дагы башка нерсени берем деп калпты көп айттыңыз.

"Кайда баратасыз?",- деп артыңыздан ээрчип босогодо ыйлап турган балаңызга: "Мына азыр эле келем"-деп, алдап кечке чейин жоголуп же узак сапарга кетет элеңиз. Ошентип, баланын дене-боюна калпты киргизип, коомдо берген убадасында турбаган, калпты чындай айткан дагы бир алдамчынын кошулушуна салым коштуңуз.

Паракор кайдан чыкты?

Кандайдыр бир ийгилик жараткан балага белек берип, жылуу сөз айтып мактап, далысынан сылап көңүлүн көтөрүп койгон жакшы нерсе. Бирок, сиз балаңызга көбүнчө белекти келишим шарт менен алууну үйрөттүңүз. Мисалы, "Балам сабакты жакшы окусаң, велосипед алып берем. Эгер беш деген баа алсаң, акча берем. Бул жумушту аткарып койсоң, сураганыңды алып берем же киного жиберем",- деген сөздөр аркылуу коомдо белек же акча алмайынча милдеттүү жумушун аткарбай сизди сүйрөгөн дагы бир паракорду дайындап чыктыңыз.

Мээримсиз кайдан чыкты?

Балаңыздын колуна сүйүктүү нерсесин алып берип: "Эми атаң жакшыбы же апаң жакшыбы",- деген суроону берип экөөнү тең жакшы көргөн балаңыздын психологиясын буздуңуз. Дал ошол учурда өзү каалаган нерсесине жетип, кубанып турган балаңыздын: "Атам жакшы",- деген сөзүн угуп жыргап кубанганыңыз менен, эртең колунда бар адам менен жылуу сүйлөшүп, колунда жок адам менен кол алышпаган, дүйнөкор, мээримсиз, мерез адамды тарбиялап жатканыңызды түшүнгөн жоксуз.

Ушакчы кайдан чыкты?

Ыйлап жаткан балаңыз ыйлаганын токтотсун деп: " Менин балам такыр ыйлабайт. Тиги кошунанын баласы Асан ботодой боздоп ыйлаганын койбойт. Качан карабаганын көз жашын көлдөтүп жүрөт",- деп башка адамдын артынан ой жүгүрткөндү үйрөттүңүз. Ал аз келгенсип аяштар же тууган-туушкандар бир жерге чогулуп отурушкан убакта балаңызды чакырып алып: "Кана балам, Мурат кантип коңурук тартат? Айнаш апаң кантип басат? Үсөн кантип сүйлөйт туурап берчи?",- деп башкаларды шылдыңдап, мазактап, сөз кылганды денесине сиңирип, келечек үчүн дагы бир ушакчыны дайындап бердиңиз.

Бок ооз каяктан чыкты?

Мектепте бирге окуган классташыңызды, аскерде бирге болгон курбуңузду же сиздин тамашаны жакшы түшүнгөн тааныштарыңызды кичинекей балаңызга сөктүрүп, ал кылыгыңызга карт-карт этип күлүп, кичинекей балаңыздын тап-таттуу тили менен жаман сөздөрдү балдырап айтканына жетине албай жыргадыңыз. Ошентип болочокто оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан, ачуусу келсе ата-энесин баш кылып бүт элди сөгүп ашаткандан качпаган, акылынан биринчи оозу сайрап сүйлөгөн эси жок балдардын санын көбөйттүңүз...

Айта берсек биз нааразы болуп жүргөн коомдогу терс көрүнүштөрдүн чыгышына биздин да кандайдыр бир салымыбыз бар экенин унутпасак. Кишинин жанын алган кылмышкерди, колу туткак ууруларды өзүбүз тарбиялап чыгабыз. Кыргыз элинде "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат", "Алма сабагынан алыс түшпөйт", "Баланы бешиктен, жылкыны кешиктен, келинди эшиктен" деген сыяктуу макал-лакаптар да жөн жеринен айтылбаса керек. Биринчи башка бирөөнү күнөөлөгөндөн мурда өзүбүздүн өткөн күндөргө жана берген тарбиябызга көз жүгүртсөк ашык болбойт. Жашоодогу эң чоң каталар байкалбай кеткен кичинекей көз жаздымдан башталарын унутпасак...

Асейин Саралаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости