www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы учурларда блогерлердин саны көбөйүп, “хайпка” өтүштү. Жеңил пиарга өткөн жаштардын саны өрчүп, социалдык тармактардагы терс көрүнүштөр күчөдү. Так ошол терс көрүнүштөрү менен коомдун сынан калган Сыдыман аттуу блогер туура эмес сүйлөп алгандыгы үчүн талкууга алынды. Коомдук активист, эркин журналист   Асейин Саралаев Сыдыманга ыр жазып, аны итке теңеди.

Иттер үрсө адам сынын сактаймын,
Мен да үрүп жаман итче каппаймын.
Бирок чиркин Сыдымандай иттерге,
Кантип чыдап өз оюмду жазбаймын?

Бөрүбасар-аты болгон жамандын,
Жаткан жери суусу болот самандын.
Чочко сындуу кашын терген Сыдыман,
Чоң кызындай коркулдаган камандын.

Аңкоо кыздын ак көйнөгүн чечтирип,
Мээси жоктун кара чачын кестирип.
Кордоп келген Ала-Тоонун кыздарын,
Кооз сөз менен күнөө көлүн кечтирип.

Айныгандар мурдун чукуп ырдаган,
Кээ бирлери сүйүү арнап чырдаган.
Кыз намысын күндөн-күнгө тебелеп,
Кылыгына ыйлап койбой жыргаган...

Эркек шайтан оозун келип өпкөнбү?
Он кыз сүйсө сулуумун деп көпкөнбү?
Эл намысын жеңил көрүп кыздардай,
Эсиргенден эске албаптыр өткөндү.

Ала-Тоомдо бийик учкан шумкардын,
Бир канаты ким экенин билбептир.
Бир туугандын бычак уруп артынан,
Түштүк элин айбан болуп тилдептир!

Ала-Тоомдо сызып жүргөн тулпардын,
Бир туягы ким экенин билбептир.
Бир тууганды бир тууганга кас көрүп,
Түштүк элин арсыз болуп тилдептир!

Ала-Тоомдо желбиреген желектин,
Бир бөлүгү ким экенин билбептир.
Жалалабат, Ош, Баткенди мазактап,
Шайтан болуп шакабалап тилдептир!

Ала-Тоомдо аппак болгон калпактын,
Бир кыймасы ким экенин билбептир.
Өздөн чыккан жаттан дагы жат болуп,
Өз тууганын душман сындуу тилдептир!

Журт намысы канжар болот билип жүр,
Жаман болот эл бөлгөнгө достошсоң.
Ойлонбостон сүйлөп койгон сендейлер,
Оорубастан жашоо менен коштошкон.

Эл кадырын мазак кылган сөз үчүн,
Аздык кылат бирден жулса чачыңды,
Айкөл экен өз журтуңа рахмат айт,
Башка болсо кесип кетмек башыңды!

Билип жүргүн Ош да сенин-мекениң,
Унутпагын Баткен сенин-жетегиң.
Жалалабат бизге болот-ыйык жер,
Элди бөлсөң арам болуп кетесиң!

Кашты терсең касиеттүү болдубу?
Кыз мазактап кара жиниң толдубу?
Сага дагы чара көрчү мыйзам бар,
Элим ыйык, элди бөлгөн оңдубу?

Чек арамда душман турса көз артып,
Басып берди душмандарды кубантып.
Мыйзам менен жооп беришин суранам,
Кепилдик жок чыкпайт деген улантып!

Асейин Саралаев, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости