www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү активист Асейин Саралаев, мурдагы президент Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктады.

БАЙДЕН БОЛСУН КЫРГЫЗГА

Бүгүн келип жетимиштин экиси,

Эл атасы күн сыяктуу турасыз.

Ала-Тоого алтын болуп нуруңуз,

Элиңизге дайым көңүл бурасыз.

 

Бүгүн келип жетимиштин экиси,

Эл атасы тумар болуп турасыз.

Ала-Тоого аяк басып келсеңиз,

Элим үчүн бейиш өлкө курасыз.

 

Акылмандын асыл жашы хан агам,

Кудай берген жетимиштин экиси.

Кыргыз үчүн Байден болуп бериңиз,

Келген кезде жетимиштин жетиси.

 

Даанышмандын жашы экен хан агам,

Кудай берген жетимиштин экиси.

Алты ажонун эң мыктысы болгонсуз,

Сизге келсин ак таажынын жетиси.

 

Пайгамбардын ортон жашы хан агам,

Кудай берген жетимиштин экиси.

Нух сыяктуу узун өмүр сүрүңүз,

Сизге келсин жүздүн эки, жетиси!

 

Жаратканым берип сизге ден-соолук,

Көралбаска акыйкатын көргөзсүн.

Чындык жеңип, адилеттик туу болуп,

Эл атасы Кыргызстанда төргө өтсүн!

 

Жети саптан жети тилек билдирдим,

Жетимиштин куттуу болсун экиси!

Ала-Тоодон сизди дайым күтөбүз,

Жакын болсун хан атамдын келиши!

Урматтуу КУРМАНБЕК АГАМ!

Сиздин 72 жашка толгон туулган күнүңүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Жаратканым сизди кыргыз элине эң татыктуу ПРЕЗИДЕНТ катары берген экен. Сиздин кадырыңызды, баркыңызды, карааныңызды, бааңызды жана күчтүү башкаруучу болгонуңузду жыл өткөн сайын түшүнүп, билип жатабыз. Ал жөнүндө менин буюрса ушул жылы жазылып бүтө турган «Жалган жана чындык» деген китебимден окурмандар кеңири таанышат деп ишенем. Жыл өткөн сайын бир ууч чөөлөрдүн арам иштеринин беттери ачылып, сизди терең урматтагандар жана сизди Ала-Тоодон күткөн элдин катары көбөйүүдө. Билем сиз саясатка, бийликке такыр аралашпайсыз.Бирок мен сизди Байден сыяктуу Кыргызстандын дасыккан, тажрыйбалуу жана реформатор ПРЕЗИДЕНТИ болушуңузду тилек кылам. Сиз бүгүн биздин өлкөбүзгө керексиз!

Аллахым сизге узун өмүр жана бекем ден-соолук берсин! Туулган күнүңүз менен ХАН АГАМ!

Терең урматым менен Асейин Саралаев.

Эске сала кетсек, мурдагы президент Курманбек Бакиев 72 жашка чыкты. Кыргызстандын президенттеринин арасында алдыңкы сапта турат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости