www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагындагы оор ахвал жөнүндө 25 жылдан бери айтып келе жатабыз. Мындай пикирди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айтты. 

--"Энергетика тармагындагы оор ахвал жөнүндө бери дегенде 20-25 жыл айтып келе жатабыз. Ошол эле мезгилде отуз жылдан бери бул тармакка жумшалган каражаттын жалпы суммасын эстеген киши жок... Грант, насыя, бюджеттик акча, энергетиканын карыздарын кечүү дегендерди эсептегенде Токтогул ГЭСи баш болгон, Бишкек ТЭЦи төш болгон бүтүндөй тармакты эки жолу кайра куруп койсо болгондой каражат кетти.

Учурунда трансформатор, генератор, чубалгылар жаңысына алмашты деп жалган документ жасап эскисин эле калтырып, жаңысы келди демиш болуп бир жерде турганын башка жерге коюп орун алмаштырып, уурдап сатылган энергияны эл төлөбөй атат деп списаниеге чыгарып, кереги жок эле тетиктерди сатып алып, кайра списание кылып, дагы ушул сыяктуу фокустардын кесепетин азыр тартып жатабыз. 2003-2004-жылдары Ысык-Көл облусу боюнча энергетиктердин шылуундук фокусун аныктап, былыгын сууруп чыккам, кылмыш иши козголуп 25-30 дайын соттомуш болушкан эле. Бирок система өзгөргөн эмес.

Мени акимдиктен айдап жиберишкен. Азыр кырдаал башка, Президент Садыр Жапаров тазаланалы деп жатат. Энергетиканы оңдойбуз десек эски оорунун барын кайра көтөрүп, талдап, ачыкка чыгарып, анан алдыга карай жылуу үчүн реалдуу план түзүлүүсү зарыл", - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости