www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Асейин Саралаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрылуу жасады.

Асейин Саралаевдин кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Акыркы күндөрү социалдык тармактарда анын ичинде ватсаппта "COVID-19 же өпкөңөр кагынса (пневмония) айыктырабыз!",- деген кызыктай жарнама жайылып жүрөт. Түшүнгөн кишиге бул жерде УЛУТТУН КООПСУЗДУГУ жатат! Хижама аркылуу аталган эки ооруну айыктырабыз деп ансыз да паникада турган элдин башын айлантып жатышат. Өздөрүн мамлекеттен жогору коюп, дүйнө жүзүндө тастыкталбаган, дарылоо протоколуна кирбеген элдик медицина менен айыктырабыз дегени акмакчылык эмеспи?

Анан коркпой бул тасманы тартышып: "20 адам айыкты ЭКСПЕРИМЕНТ жасадык",- деп ырчысы баш болуп элдин саламаттыгынын жоопкерчилигин алып элди ынандырып отурушат. Эң коркунучтуусу карапайым эл булардын сөздөрүнө ишенишип хижама кылдырсам айыгат экенмин, тамашалашып калат экенмин, үч бүктөлбөй калат экенмин дешип кубанып жүрүшөт.

Эптеп эле УПАЙ топтоо максатында өздөрүнүн кылган иштерин тынбай жарнаама кылгандары аз келгенсип адамдарга эксперимент жасашып, хижама менен дарыланууга чакырык кылышып, ар кайсы белгилүү дарыгерлерди (аты аталабаган) колдонушуп элдин коопсуздугу менен ойносо боло береби?

Урматтуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү!!! Менин сиздерге төмөндөгүдөй 6 суроом бар:

1.Кыргызстандын интернет майданын аралап жүргөн бул тасма улуттун коопсуздугуна коркунуч келтирбейби?

2.Кыргызстанда COVID-19 жана пневмония менен ооруп жаткан оорулууларга ЭКСПЕРИМЕНТ жасаганга буларга ким укук берди? Ар ким адамдар менен эксперимент жасай берсе болобу? Эмне үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөл кылган эмес? Ким буларга уруксаат берди?

3.Акыркы күндөрү элдин оор абалын пайдаланышып өздөрүнүн жасагандарын жарнама кылышып, кандайдыр бир деңгээлде коомчулуктун көңүлүн бургандан кийин өз билгендерин жасап адамдардын өмүрү менен ойногондорго же саясий оюн ишке ашыргандарга көзөмөл же жоопкерчилик болобу?

4.Дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү илим адамдары вируска каршы вакциналарды таппай жатышканда, медицина илими жактан такталбаган элдик дарылоо ыкмасын "Пайгамбардын сүннөтү болгон Хижама менен эки коркунучтуу оорудан элди айыктырабыз" деп баш айлантып жатышканы кылмыш эмеспи?

5.Эртең буларга ишенген элдер ооруканаларга кайрылбай Хижама алышып өмүрүнөн айрылышса ким жооптуу болот?

6.Хижама менен дарылоо Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо алгоритмине шайкеш келеби?

Аталган алты суроо боюнча балким учурда бизге чейин эле иликтөө жүрүп жаткандыр? Кыргызстандын атайын кызматы ар дайым өз милдеттерин так аткарышып улуттун коопсуздугу үчүн бекем турат деп ишенем!", - деген Асейин Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости