www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун эртеңки ант берүү аземине (инаугурация) экс-Президенттер Отунбаева менен Жээнбеков чакырылган экен. Эми мейли дечи, бири 2010-жылдагы Ош коогалаңы боюнча жоопкерчиликтен кутулса, экинчиси 3 жыл бою өлкөнү сазга сүйрөп 2020-жылдагы элдин өлүмүнө күнөөлүү эместей бейкапар жүрүшсө дагы, кудай бак берип Президент болгон инсандар экен. Көп болсо эки орундукка отуруп көрүп кетишээр...Айткым келгени Украинада дагы Жапаров сыяктуу күтүлбөгөн жерден Президент болгон Владимир Зеленскийдин ант берүү аземине эгемендүү Украинаны башкарышкан төрт Президент келип катышкан экен.

Возможно, это изображение (8 человек, люди стоят и текст «экс-президенты украины на инаугурации зеленского виктор ющенко 2005-2010 петрпорошенко 2014-2019 2014- леонид кучма 1994- 2005 леонид кравчук 1991-1994»)

Садыр Жапаров дагы саясий тарыхты өзгөртөм, жаңыча иштейм, жаңыча система курам, кечиримдүү болом деп убадаларды кабаттап берип жатат. Бирок жаңыча иштегенин жана саясий тарыхты өзгөртүүнү ант берүү аземинде баштаса жакшы болмок экен. Жапаровдун ант берүү аземине туңгуч Президент Аскар Акаев жана экинчи Президентибиз Курманбек Бакиев дагы келип катышса, алар дагы Отунбаева менен Жээнбековдун катарында отурушса Ала-Тоого кут келгендей жакшы саамалык болмок.

Менимче Жапаров жалпы элдин жоопкерчилигин тобокелдикке салып моюнуна алып аткандан кийин өз башы менен ойлонуп Акаевди дагы, Бакиевди дагы өзүнүн кепилдиги менен Кыргызстанга алып келиши керек. Ал кишилердин Отунбаева менен Жээнбековго караганда өлкөбүз үчүн кошкон салымдары абдан чоң!

«Жуту жок элдин малы барксыз, Куту жок элдин Ханы барксыз» деген жакшы лакап бар. Жапаров эртеби же кечпи "Эл кечирсе алып келем" деп эки ача сүйлөбөй Акаевди дагы Бакиевди дагы мекенине алып келип, алардын кеп-кеңешин алып Кыргызстанга жакшы саамалык алып келиши керек деп ойлойм...

Асейин Саралаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости