www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өспүрүм кыздан опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 1978-жылы туулган А.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын декабрь айынан баштап 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну “жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем” деп коркутуп, үйүндө турган 300 миң сомдук алтын буюмдарын алып чыгып саттырган жаранга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

--"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 14-январь күнү Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары 2000-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн моюнга алып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн баш коргоо чарасын Ноокен райондук сотунда карап, үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости