www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев бүгүн, 27-январда Биринчи май РИИБге жеткирилди. Анын баш коргоо чарасы каралат.

Маалым болгондой, Абдил Сегизбаев 25-январда суракка чакырылып, андан кийин убактылуу камакка алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин Абдил Сегизбаев убактылуу кармоочу жайдан үй-бүлөсүнө кат жолдогон.

«Салам, Айнура! Бардыгына салам айт. Сарсанаа болбогула. Баары Кудайдын колунда. Балдарды өөп кой. Баарыңарды жакшы көрөм. Баары өтүп кетет, башыңарды бийик көтөргүлө», - деп жазылган катта.

Эскерте кетсек, коррупцияга шектелип кармалган УКМКнын мурдагы төрагасы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости