www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада өндүрүлүүчү жана күкүрт кислотасынын ири өлчөмүн сатууга адистешкен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Бул тууралуу ИИМ БМЖКККнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бул зат өзүнүн кооптуулук туудуруучу сапаттарынан башка да, баңгизаттардын оор түрлөрүн өндүрүү үчүн негизги прекурсор болуп саналат.

Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишин изилдөөнүн жана тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1976-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын иштеген жеринде «героин» баңги каражатын жасоодо, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө колдонуучу зат табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 520 килограмм күкүрт кислотасы алынды. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Маалымат катары: 520 килограмм күкүрт кислотасынан 1,5 тонна героин баңги каражаты өндүрүлөт. Бул 750 миң максималдуу дозага татыйт. Акчалай эсептегенде - 1 миллион доллардан ашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости