www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
56 жаштагы жалгыз бой эне Тулпарбүбү Рыскулова уулунун ишин адилеттүү карап берүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда АКИpess агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Тулпарбүбү Рыскулованын айтымында, уулу кесиби боюнча программист. 24 жашта. 2020-жылы 16-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде 5 жылга эркинен ажыратылган.
Тулпарбүбү Рыскулова сот адилетсиз чечим чыгарганын айтып, уулунун иши Жоруктар жөнүндө кодексинин негизинде каралышы керек болчу деп эсептейт.
«2019-жылы июль айында сүйлөшкөн кызы менен ижарага батирге чыгышкан. Ал батирде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу күнүмдүк ижарага берилчү батирге көчүшкөн. Анан жашап жатышкан батирде бир нерсесин унутуп калышып, уулум эртең менен ошол жакка кеткен. Сүйлөшкөн кызына эшикти жаап алууну айткан, бирок кыз уйкуга алаксып, эшикти жапкан эмес. Уулум батирге жете электе эле сүйлөшкөн кызы телефон чалып, бир киши зордуктаганы жатканын айткан. Балам кайра артка келсе, эшик жабык экен. Бирок батирдин ичинде бир киши жүргөнүн уккан. Сүйлөшкөн кызынын үнү чыкпагандыктан коркуп, кошуналардан жардам сураган. 6-кабатта жүргөндө бир киши келип, батирдин ичиндеги кишини алып кеткенин көрөт. Анан 4-кабатка түшүп, батирге кирсе, сүйлөшкөн кызынын колу-буту байланган, сабалган болот. Балам бычакты ала коюп, кыз байланган жипти кесип, бычак менен эшикке чыгып кеткен. Милиция келгенче кетип бара жаткан 2 адамды токтотуп турайын деп, аларга кыйкырган. Тиги эки киши баламдан аябай эле чоң болгон. Анан ошол жерден мушташа кетишип, батирдеги кишини алып кетип бара жаткан адам баламдын колунан бычакты алам деп жатып, жаракат алган. Бирок, тергөөдө ага балам бычак сайды болуп жазылып калган. Милиция келгенде тиги эки киши баламды салып беришкен. Биринчи май РИИБдин кызматкерлери баламды уруп-сабап, жактоочусу жок суракка алышкан, уулум аргасыз күнөөнү мойнуна алганга мажбур болгон. РИИБден эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен чыккан. Анан Биринчи май райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыраган. Азыр балам убактылуу кармоочу жайда камакта.
Тергөөдө жана сотто 4-кабаттагы күбөнүн көрсөтмөсү эске алынган эмес. Ал 2 чоң киши кичирээк баланы сабап жатканын көрдүк, аңгыча сүйлөшкөн кызы ыйлап келди, аны бирөөсү буту менен бир тепти, кыз кулап калды деп көрсөтмө берген. Жабырлануучу өзү да тосмо арыз жазып берген. Уулум анын дарыларын алып берип, келтирилген зыянды төлөдү. Сүйлөшкөн кызы да арыз жазып, №4 шаардык ооруканада дарыланып чыккан. Анын айтымында, сабаган адам мас болчу.
Өзүм оор жумуш жасоого жарабайм. Уулум — менин жалгыз багуучум.
8-февралда Бишкек шаардык сотунда иши кайра каралат. Ошондуктан мен президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге, укук коргоочуларга кайрылам. Уулума адилеттүү чечим чыгарылышына жардам сурайм», - деди Тулпарбүбү Рыскулова.
Ал окуя болгон күнү батирдеги кишини алып кеткен адам милиция кызматкери болгонун, өзү чет мамлекетте жүргөндүктөн окуя тууралуу укпаганын, бул тууралуу уулу сот залынан камакка алынганда гана билгенин айтты.
Булак: NazarNews.kg