www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад: 30 жаштагы келин үчүнчү жолу эгиз төрөдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылынын 30 жаштагы тургуну Бурул Кошумбек кызы жакында эле эгиздерин жарык дүйнөгө алып келди.

Маалым болгондой, Бурул Кошумбек кызы 26-январда Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө көз жарган. Ал үчүнчү төрөтүндө да эгиз төрөп, бул жолу облустук төрөт үйүнө жиберилген.

--«Эгиздер жолдошумдун тукумунда бар. Кош бойлуулуктун 8-жумасында ультра үндүү аппаратка түшкөндө дагы эгиз экенин айтышкан. Кубанып күтүп жүрдүм. Катарынан эгиздерди көз жаруу деле кыйын. Бирок балдарыңды көргөндө бардык кыйынчылыктарды унутат экенсиң. Кайнене, кайнатам каза болгон. Жолдошум экөөлөп карап жатабыз. Эгиздерди багуу кыйла эле кыйын болот. Эки бешикти эки колуң менен терметип отурасың дегендей. Бирин эмизип жатсаң, экинчиси ыйлайт. Эне бул түйшүктүн баарына чыдайт, көтөрөт. Кошумча тамакка эртерээк аралаштырам. Эмчек менен эгиздерди тойгуза албайсың. Шүгүр, өзүмдү жакшы сезип калдым. Балдарым да жакшы. Балдарыма дарыгерлер каралашып жатат», - деди ал.

Облустук төрөт үйүнүн дарыгери Дилбар Бекенбаеванын айтымында, балдардын абалы жакшы.

«Бул келин үчүнчү эгиздерин көз жарды. Балдары аман-эсен жатышат. Биринчиси кыз, анын салмагы 3 кг 50 грамм. Экинчиси уул, анын салмагы 4 кг 250 грамм. Экөөнүн тең абалы жакшы. Апасы кичине кыйналып төрөгөндүктөн балдарын жанына алып жата албай жатат. Биздин кызматкерлер балдарын эмизүүдө жардам берип, карап жатышат. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», - деди ал.

Бурул менен жолдошу Сапарбек Үмөталиевдин баш кошконуна быйыл 9 жыл болду. Балдарынын улуусу Айэрке 7 жашта. Андан кийинкилери катарынан эгиз төрөлгөн. Улуу эгиздери — Апал, Үпөл болсо, экинчи эгиздери — 2,5 жаштагы Алихан менен Айхан. Үчүнчү эгиздерине азырынча ысым тандаша элек. Туугандарды да кубанып, өздөрүнүн жактырган ысымдарын айтып жатышат.

--«Биринчи балдарымдын, жубайымдын саламаттыгы маанилүү да. Ошондон улам балдарга ысым ойлоно элек экенмин. Туугандары эле ысымдарды ойлоп жатышкан. Эгиздеримдин сүрөттөрүн эле көрдүм. Өздөрүн көрө элекмин. Буга чейин эгиз экенин билгенбиз. Балдарды колдон келишинче торолтуп, тарбиялап жатабыз. Кээде балдар ыйлап, түнү менен көтөргөн күндөрүбүз болот. Түйшүгү, түмөнү болот, баарына ата-эне болгон соң чыдайбыз», - деди ымыркайлардын атасы.

Бул түгөйлөрдүн жеке өздөрүнө таандык турак жайы жок.

«Мамлекет кыйналып жатканда мен да турак жайым жок экенин айтып, маселе кылгым келбейт. Тапкан акчабызга балдарыбызды бага беребиз», - деген Сапарбек Үмөталиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости