www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары БУУнун Борбордук Азия боюнча Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун башчысы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын талкуулап, бул окуянын регион үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Ошондой эле, келечектеги кызматташуу багыттары, аймактык коопсуздук маселелери, ШКУнун Бишкекте өтө турган саммитине даярдык жана Фергана тынчтык форумунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жыйынтыгында тараптар регионалдык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.