www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Ур-токмокко кабылган кыз тууралуу Москвадагы айрым мигранттар жана Кыргызстандагы "Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова айтып чыккан, ошондой эле социалдык тармактарга видеолор жарыяланган.

Анда секелек кыздын башы таңылып турганы тартылган, ошондой эле аны Москвага алысыраак тууганы алып келгенин, ата-энеси Кыргызстанда, Өзгөндө калганын айтып берген.

Телефонго тартылган видеолордон өзүн "элчиликтен келдим" деп тааныштырган адам башка кишилер менен бирге ал секелек кыз жашап жаткан үйгө келгенин, кызды алып кетүүгө аракет кылып жатканын жана атасы менен телефондон сүйлөштүргөнүн көрүүгө болот.

Укук коргоочулардын билдиришинче, Орусияда жүргөн айрым кыргызстандыктар көп учурда алысыраак туугандарынын өспүрүм, секелек кыздарын алып кетип бала бактырган учурлары кадыресе көрүнүшкө айланган.

Орусияда иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны бир миллиондон ашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости