www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Тайванды Кытайдан коргоого убада берди

 АКШ президенти Джо Байден "кирип барышса" Тайванды коргоого АКШ аскерлери даяр экендигин айткан. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.

АКШ лидери Япония премьери Фумио Кисида менен бирге маалымат жыйын өткөргөн. Журналисттин суроосуна тастыктаган жообун берип, Америка буларды өзүнө алган "милдеттенмелер" экенин түшүндүргөн.

"Биз Тайвань кысыгындагы коопсуздук менен тынчтыктын жактоочусу боло берүүбүздү улантабыз. Андан сырткары, бир тараптуу кылып "кво-макамын өзгөртүүгө" жол бербейбиз деген ниеттебиз", — деп кошумчалаган Байден.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдын БК комиссиясынын чет элдик иштер боюнча канцелярия башчысы Ян Цзечи америкалык президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен сүйлөшүп, акыркы учурда Вашингтон өлкөнүн ички ишине кийлигишип "туура эмес кадамдар менен билдирүүлөрдү" жасагандыгын айткан. Ал АКШны "бирдиктүү Кытай принцибин жана милденттенмелерди тыкыр сактоого" чакырган.

Эске салсак, Кытайдын борбордук өкмөтү менен анын аралдык провинциясынын расмий мамилеси 1949-жылы үзүлгөн. Бул Чан Кайши башында турган Гоминьдан күчтөрү Кытай компартиясы менен болгон жарандык согушта жеңилип Тайванга барган соң болгон.

Кытай материги менен арал ортосундагы иштиктүү мамиле жана формалдуу эмес байланыштар 1980-жылдардын соңунда жаңыланган. 1990-жылдардан тарта мамлекеттик эмес уюмдар — мамилелерди жакшыртуу боюнча Пекин ассоциациясынын Тайвань кысыгы жана Тайбэй фонду аркылуу байланыша башташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости