www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Финляндияга газ берүүнү токтотту

Финляндиянын Gasum мамлекеттик газ компаниясы Орусия газ берүүнү токтотконун билдирди. Эми газ менен камсыз кылуу Финляндияны Эстония менен байланыштырган Balticconnector кууру аркылуу башка булактардан ишке ашырылат.

Ушул жуманын башында, 17-майда Gasum "Газпромдун" талабына ылайык, газ үчүн төлөмдөрдү рубль менен төлөөдөн баш тартып жатканын жарыялаган.

Финляндия 45 жылдан бери Орусиядан жаратылыш газын импорттоп келет. 2015-жылдын декабрь айында келишим 2031-жылдын аягына чейин узартылган.

"Финляндиянын газ керектөөсүнүн көбү Орусиядан келгени менен бул өлкөнүн жалпы керектөөсүнүн 6 пайызга жакынын гана түзөт",- деп белгилейт Deutsche Welle.

Орус президенти Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта өкмөт "дос эмес" деп тааныган бардык өлкөлөр газ үчүн рубль менен гана төлөөгө милдеттүү. Кээ бир европалык компаниялар сунушталган схемага макул болушту. Финляндия аны келишимдин шарттарын бузуу деп эсептеп, талапты аткаруудан баш тартты. Gasum келишим боюнча талаштарды арбитражга берүүнү чечти.

Эске салсак, Орус президенти Владимир Путин 31-мартта "дос эмес өлкөлөр" үчүн газды рубль менен сатуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлык 1-апрелден тарта күчүнө кирген. Айрым европалык компаниялар бул сунушка макул болгон. Финляндия талаптарды аткаруудан баш тартып, муну келишимди бузуу менен байланыштырган. Gasum келишимдеги талаштарды арбитражга берүүнү чечкен. Москванын жаңы талаптарына макул болбогону үчүн Польша менен Болгарияга газ берүү токтотулган.

Орусиянын жаңы талаптары 24-февралда Орусиянын Украинага аскердик чабуулу башталгандан кийинки Батыштын катаал санкцияларына жооп болду.

Жакында ондогон жылдар бою эч бир аскердик уюмга мүчө болбой келген Финляндия НАТОго кирүүгө арыз берген. Бул Москва менен Хельсинкинин ортосундагы мамилелердин курчушуна алып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости