www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асел Чынбаева Баткенде эмне кылып жүрөт?

Бүгүн, 15-июнда юстиция министри Асел Чынбаева Баткен облусунун юстиция башкармалыгынын, пробация жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча кызматкерлерименен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө юстиция башкармалыгынын башчысы А.Зияев министрди иштеги жетишкендиктер жана болуп жаткан көйгөйлөр, ошондой эле кызматкерлердин иштөө шарттары менен тааныштырды.

Баткен облустук юстиция башкармалыгынын көйгөйлөрү материалдык-техникалык жактан камсыздоодо, башкаруунун штаттык бирдиктеринин жана мамлекеттик нотариустардын жетишсиздигинде турат. Мисалы, Баткен облусундагы райондордо бирден мамлекеттик нотариус бар, башкармалыктын аппаратында болгону үч киши иштейт. Ошондой эле башкармалыктын начальниги кийинки жылга Баткен облусунда юстиция органдары тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга өбөлгө боло турган Юстиция үйүн түзүүнү сунуштады.

Министрликтин башчысы калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууну күчөтүү, пробациянын кардарларын ресоциалдаштыруу, ошондой эле өзүнүн функциялык милдеттерин сапаттуу жана өз убагында аткаруу зарылчылыгы жөнүндө белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости