www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги 36 көчөдө автоунааларга чектөө киргизилди

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылына чектөөлөр бар, деп эскертти Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Учурда борбордогу 36 көчөдө жолдор кеңейтилип, асфальт төшөлүп, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Жол тыгындары пайда болгон аймактарда кайгуулчулар кызмат көрсөтөт.

Учурда автоунаалар үчүн жабык турган көчөлөр:

- Кулатов көчөсүнүн Каракул көчөсүнөн тартып, Фатьянов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Айбийке көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн тартып, Эркин-Тоо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Огонбаев көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Фере көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Стадион көчөсүнүн Түштүк Магистраль көчөсүнөн тартып, Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Будденный көчөсүнүн Чүй көчөсүнөн тартып, Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Койбагаров көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн тартып, Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Жунусалиев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Жолон көчөсүнүн Ашар көчөсүнөн тартып, Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Ажыбек баатыр көчөсүнүн Манас проспектисинен тартып, Жунусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Ташкент көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн тартып, Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Сухе Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн тартып, 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Көкчетай көчөсүнүн М.Ганди көчөсүнөн тартып, Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Каркыра көчөсүнүн Өмүракунов көчөсүнөн тартып, Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Новая көчөсүнүн Ленин көчөсүнөн тартып, Жеңиш көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Түгөлбай ата көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Логвиненко көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн тартып, Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Култегин көчөсүнүн Гидростроитель көчөсүнөн тартып, Эне-Сай-20 көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Дордой-2 көчөсүнүн Объезд көчөсүнөн тартып, №4 көчөгө чейинки бөлүгү;

- Ак-Тилек көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн тартып, Дзержинский көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Карасаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн тартып, Карадарыя көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Архитектор көчөсүнүн Набережная көчөсүнөн тартып, Киргизия көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Дзержинский көчөсүнүн Баялинов көчөсүнөн тартып, Жибек Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Шота Руставели көчөсүнүн Ажыбек баатыр көчөсүнөн тартып, Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Матросов көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн тартып, Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Шералиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн тартып, Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Турусбеков көчөсүнүн БЧК көпүрөсүнөн өткөн жери;

- Баба ата көчөсүнүн Бакаев көчөсүнөн тартып, Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Чортеков көчөсүнүн Жайыл баатыр көчөсүнөн тартып, Абрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Гагарин көчөсүнүн Тимур Фрунзе көчөсүнөн тартып, Ашар көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн тартып, Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Исакеев көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып, Ч.Валиханов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Левоневский көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн тартып, Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Гражданская көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн тартып, Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Пишпек көчөсүнүн Д.Сяопин көчөсүнөн тартып, Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости