www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-октябрда Садыр Жапаров Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолугушууну пландаштырган, бирок жолугушууга чет элдик элчилер келбей койду. Бул тууралуу белгилүү журналист Асел Оторбаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

“Бул уятын жабуу үчүн чиновниктер бул жолугушуу кийинкиге калтырылганын айтышты. Садыр Жапаров дипломатиялык корпусту Кыргызстанда бардыгы сонун деп ишендиргиси келгени айдан ачык. Өлкө укуктук талаага кирди, кырдаал турукташты деп жатышат. Бирок бул КТРКга арналган ыр – жасалма ыр, саясий интригаларда тажрыйбасы жок карапайым айылдыктардын аң-сезими үчүн иштелип чыккан” – дейт ал.

“Садыр Жапаров жардам сурай турганы айдан ачык. Олигархтар катарга тизилип, күмөндүү капиталына мунапыс берилишин каалагандар көрүнбөйт.

Фактылар өтө катаал: Россия каржылык жардамды токтотту, Европа Биримдигинин санариптештирүүгө 6 миллион евро бөлүп берүү кийинкиге калтырылды. Садыр Жапаров укуктук талаага сөз менен эмес, иш жүзүндө киргенге чейин эч бир чет өлкө жардам бербейт.

Ошондуктан, Садыр Жапаров парламенттик шайлоону өткөрүп, бийликтин бардык бутактарынын мыйзамдуу органдарын түзүү аяктаганга чейин Конституция менен болгон интригалардан баш тартууга милдеттүү. Алгач, бул кадрларды 2-3 күнгө дайындоолорду токтоотуу керек” – деп кошумчалды ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости